Редакцияот 19.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 19-декабры № 114

Айдаралиев айыл аймагындагы мекеме-уюмдарада өтүлүүчү Жаңы жылдык иш чарага акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Айдаралиев айыл аймагындагы мекеме-уюмдарада өтүлүүчү иш чарага карата төмөндөгүдөй акча каражаты бөлүнүп берилсин:

-   Р.Айдаралиев орто мектебиндеги 1-класстын окуучуларына белек алуу үчүн 25000 (жыйырма беш миң) сом ;

-   “Көпүрө-Базар” балдар бакчасына майрамдык иш чарасына 5000 (беш миң) сом ;

-   айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жана айылыдык кеңештин депутаттарынын майрамдык иш чарасына 30000 (отуз миң) сом ;

-   айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын кызматкерлерин жылдын жыйынтыгы менен сыйлоо үчүн 7500 (жети миң беш жүз ) сом бөлүнүп берилсин.

2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К.Мамажановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Темир уулу Беккул