Редакцияот 29.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙРЫБАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыш кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы

2023-жылдын 29-декабры № 134

Какыр участкасынын А.Көчкөнов көчөсүндөгү кесиптик окуу жайдын түштүк чыгыш тарабындагы 0,10 га жер аянтын муниципалдык менчикке катоо жөнүндө

Какыр участкасынын А.Көчкөнов көчөсүндөгү кесиптик окуу жайдын түштүк чыгыш тарабындагы 0,10 га жер аянттын муниципалдык менчикке алуу жагын кеңеш карап чыгып төмөнкүдөй

ТОКТОМ  КЫЛАТ;

1. Какыр участкасынын А.Көчкөнов көчөсүндөгү кесиптик окуу жайдын түштүк чыгыш тарабындагы 0,10 га жер аянтты муниципалдык менчикке алынсын, жер адис Хожиканов Бактиярга иш кагаздарын даярдоо жүктөлсүн.

2.Ушул токтомдун аткаралышын камсыздоо Айрыбаз айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары Мурзалиев Нурланга тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кеңештин төрайымынын орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым:

А.Салиева