Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17-октябры № 20
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 15.09.2022-ж. №19 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын билдирүүсүнүн негизинде Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 15.09.2022-ж. №19 “Жергиликтүү курултайды өткөрүү жөнүндө” токтомунун 4-пунктуна төмөндөгүдөй болуп өзгөртүү киргизилсин:
Жергиликтүү жамааттын чогулуштарынан делегаттарды көрсөтүүнүн төмөндөгүдөй нормасы бекитилсин:
- Тогуз-Булак айылындагы жергиликтүү жамааттан – 18 делегат;
- Көл-Төр айылындагы жергиликтүү жамааттан -16 делегат;
- Коңур-Өлөң айылындагы жергиликтүү жамааттан-16 делегат.
2. Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 15.09.2022-ж. №19 “Жергиликтүү курултайды өткөрүү жөнүндө” токтомунун 5-пунктуна төмөндөгүдөй болуп өзгөртүү киргизилсин:
- Коңур-Өлөң айылында – 2022-жылдын 17-октябры;
- Көл-Төр айылында – 2022-жылдын 18-октябры;
- Тогуз-Булак айылында – 2022-жылдын 19-октябры;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө пландоо, бюджет, экономика, соц маселелер, реформа боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
| А.Намазбекова |