КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 12-апрели № 160-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2023-жылдын 20-ноябрында Токио шаарында алмашылган Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги менен Япониянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын жана Япониянын дипломаттык жана кызматтык/расмий паспортторунун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө Алмашуу ноталарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Жогоруда аталган Алмашуу ноталарын ишке ашырууга жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги N 160-т тескемеси менен жактырылган |
2023-жылдын 20-ноябрында Токио шаарында алмашылган Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги менен Япониянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын жана Япониянын дипломаттык жана кызматтык/расмий паспортторунун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө Алмашуу ноталарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2023-жылдын 20-ноябрында Токио шаарында алмашылган Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги менен Япониянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын жана Япониянын дипломаттык жана кызматтык/расмий паспортторунун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө Алмашуу ноталары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Алмашуу ноталары менен Кыргыз Республикасынын жана Япониянын колдонуудагы дипломаттык жана кызматтык/расмий паспортторунун ээлерин 90 күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптардан бошотуу каралган.
Алмашуу ноталары Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн дипломаттык жана кызматтык паспорттордун жана Япониянын жарандары үчүн дипломаттык жана расмий паспорттордун ээлерине карата колдонулат.
Алмашуу ноталарын ратификациялоо ишкердик мобилдүүлүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана эки мамлекеттин аймагында дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери болгон жарандардын жүрүүсүн жеңилдетет.
Жогоруда аталган Алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
Алмашуу ноталарынын долбоору 2023-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-ноябрындагы № 699-т тескемеси менен жактырылган.