Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17-октябрындагы № 22
№9 Көл-Төр бала бакчасынын 2021-жылдагы ата-энелер төлөмүнөн ашып калган акча каражатын которуу жѳнүндѳ
№9 Көл-Төр бала бакчасынын директору А.Мокееванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. 2021-жылы ата-энелер тарабынан балдардын тамак-ашы үчүн атайын эсепке төлөнгөн акча каражатынан 2050 (эки миң элүү) сом ашып калгандыктан, 2022-жылдын тамак-ашы үчүн которулуп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Рыспай уулу Тойчубекке, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
| А.Намазбекова |