Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17-октябрындагы № 23
Көл-Төр айылына мал камоочу камак салуу долбоорун сунуштоо жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл аймагынын Көл-Төр айылында мал камоочу камактын жоктугу белгиленип, Көл-Төр айылына мал камоочу камак салуу “Тоң районунун өнүктүрүү фондусу” мекемесинен 627 800 сом өлчөмүндө каржылоо үчүн сунушталсын.
2. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
| А.Намазбекова |