Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17-октябрындагы № 26
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетине дем берүүчү (үлүштүк) грантка өздүк салым катары акча каражатын киргизүү жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетине дем берүүчү (үлүштүк) грантка Көл-Төр айылынын клубун капиталдык ремонттон өткөрүүгө долбоор даярдалып жаткандыктан 2023-жылдын бюджетинин эсебинен өздүк салым катары 20 005 сом акча каражаты киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
| А.Намазбекова |