ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХVIII сессиясы
2024-жыл 07- февраль №3
“Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында иш жүзүндөгү чек арасындагы жер фондусун инверитаризациялоонун жыйынтыгыгын кароо жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Жер фондусун инвертаризациялоо жөнүндөгү” №114-токтомунун негизинде , Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелорация министрлигинин “Кыргыз мамлекеттик жер долборлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан аткарылган Ленин айыл аймагынын жер фондусун инвертаризациялоо меселелерин угуп жана талкуулап чыгып Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014 жылдагы “Кыргыз Республикасынын Жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү” №114 токтомунун негизинде , Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери тарабынан жүргүзүлгөн Ленин айыл аймагынын жер фондусуну инвентаризациялоо иштеринин жыйынтыгы жактырылсын.
2. Сузак райондук мамлекетттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссия курамынан Ленин айыл аймагынын жер балансын ушул токтомдун негизинде кабыл алып, токтом чыгарып берүү жагы суралсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
5. Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
Н.Калмуратов |