Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 12-апрели № 155-т

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2023-жылдын 19-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия өнүктүрүү банкы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы "Салык төлөөчүнүн рейтинги" салык төлөөчүлөрдү категорияларга бөлүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасын жана Кыргыз Республикасында салык төлөөчүнүн санариптик профилинин модулун иштеп чыгуу" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ушул тескемеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 155-т тескемеси менен жактырылган

2023-жылдын 19-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия өнүктүрүү банкы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы "Салык төлөөчүнүн рейтинги" салык төлөөчүлөрдү категорияларга бөлүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасын жана Кыргыз Республикасындагы салык төлөөчүнүн санариптик профилинин модулун иштеп чыгуу" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ

2023-жылдын 19-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия өнүктүрүү банкы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы "Салык төлөөчүнүн рейтинги" салык төлөөчүлөрдү категорияларга бөлүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасын жана Кыргыз Республикасындагы салык төлөөчүнүн санариптик профилинин модулун иштеп чыгуу" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.

Буга чейин Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жана Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан жактырылган.

"Салык төлөөчүнүн рейтинги" салык төлөөчүлөрдү категорияларга бөлүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасын жана Кыргыз Республикасындагы салык төлөөчүнүн санариптик профилинин модулун иштеп чыгуу" долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында салык төлөөчүлөрдү категорияларга бөлүүнү (аларды статистикалык/математикалык моделдерди пайдалануу менен сегментациялоону) жана салык төлөөчүнүн санариптик профилинин модулун иштеп чыгууну караган автоматташтырылган маалыматтык системаны түзүүнү жана ишке киргизүүнү болжолдойт.

"Салык төлөөчүнүн рейтинги" салык төлөөчүлөрдү категорияларга бөлүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасын жана салык төлөөчүнүн санариптик профилинин модулун ишке киргизүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 201-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Салык кызматын 2023-2025-жылдарга өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоону ишке ашырууга жардам берет.

Бул Макулдашууга ылайык Евразия өнүктүрүү банкы Макулдашууда белгиленген тартипте жана шарттарда Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан 1450000 (бир миллион төрт жүз элүү миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү грант берет.

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.

Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоого алып келбейт.