КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 16-апрели № 173-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| А.Касымалиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар", ал эми өзүнчө "Тарап" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азербайжан Республикасынын Өкмөтү,
Тараптардын мамлекеттеринин билим берүү жаатындагы колдонуудагы улуттук мыйзамдарын көңүлгө алып,
билим берүү жана илим жаатында ар тараптуу кызматташууга эки мамлекеттин даярдыгын түшүнүү менен,
Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын ортосундагы билим берүү чөйрөсүндөгү мамилелерди мындан ары чыңдоого даярдыгын билдирип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар билим берүү жана илим жаатында кеңири, узак мөөнөттүү жана туруктуу кызматташууну өнүктүрүү үчүн күч-аракетин жумшайт, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын билим берүү мекемелеринин ортосунда түз байланыштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт.
2-берене.
Тараптар билим берүү жаатында тажрыйба алмашууга, эки мамлекеттин ортосунда ийгиликтүү кызматташуу үчүн зарыл болгон билим берүү системасынын түзүмүнө жана уюштурулушуна тиешелүү болгон маалыматтарды алмашууга көмөк көрсөтөт.
3-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринде уюштурулган эл аралык симпозиумдар, конгресстер, конференциялар жана башка ушул сыяктуу жолугушуулар жөнүндө бири-бирине маалымат берет, ушул иш-чаралардын жүрүшүндө берилген илимий баяндамалар менен алмашат.
4-берене.
Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда эки тараптуу кызматташууну бекемдөө максатында окутуучулардын, изилдөөчүлөрдүн, окумуштуулардын жана билим берүү системасынын башка адамдарынын иш сапарлары менен алмашууну кубаттайт.
5-берене.
5.1. Ар бир Тарап өз өлкөсүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык, өз ара мамиленин негизинде жыл сайын экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарына эки мамлекеттин жогорку окуу жайларында бакалавриат программалары боюнча беш (5) квоталык орун берет.
5.2 Кабыл алуу үчүн талапкерлерден өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана аларды алдын ала тандоо жол-жоболору жиберүүчү Тарап Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
5.3. Адистиктердин тизмеси Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча макулдашылат. Кабыл алуучу Тарап жыл сайын 1-февралда жиберүүчү Тарапка адистиктердин тизмесин берет.
5.4. Жиберүүчү Тарап жыл сайын 30-майдан кечиктирбестен окууга талапкерлердин керектүү документтерин тапшырат.
5.5. Кабыл алуучу Тарап жыл сайын 30-июнга чейин көрсөтүлгөн адистиктер боюнча окууга талапкерлерди кабыл алуу жөнүндө ырастама жөнөтөт.
5.6. Тараптардын мамлекеттеринин жогорку окуу жайларына киргизүү пландалган талапкерлердин билим деңгээли Тараптардын мамлекеттеринин кабыл алуучу жогорку окуу жайлары тарабынан белгиленген критерийлерге ылайык келүүгө тийиш.
5.7. Кабыл алуучу тарап жиберүүчү Тараптын мамлекетинин жарандарын акысыз окутат, аларга стипендияларды төлөөнү жана өз мыйзамдарына ылайык медициналык тейлөөнү, окуунун тиешелүү шарттарын, анын ичинде окуу аудиторияларынын, китепканалардын, лабораториялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат, жатаканаларды, ошондой эле спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекстерди өз мамлекетинин жарандары үчүн каралган шарттарда пайдаланууга укук берет.
5.8. Тараптар студенттерди жогорку окуу жайлардын жатаканаларына жайгаштыруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшайт.
5.9. Эл аралык жол жүрүүгө жана виза чыгымдарын жиберүүчү Тарап же окуучу-стипендиаттар төлөйт.
5.10. Тараптар ушул Макулдашууга ылайык өз мамлекеттериндеги окуучу-стипендиаттардын проблемаларын чечүү үчүн зарыл чараларды көрөт.
6-берене.
Тараптар жыл сайын Тараптардын мамлекеттеринин стипендиялык программалары жана жогорку окуу жайларына кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алмашып турат.
Тараптар бул мекемелердин кабыл алуу эрежелерине ылайык, экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарын окуу жайларына жекече кабыл алууга каршы эмес. Тараптар квалификацияны таануу боюнча колдонуудагы мыйзамдарды эске алып, Тараптардын башка мамлекетинде окуган жана окуп бүткөн өз мамлекеттеринин жарандарын өз мамлекеттеринин аймагында окуусун улантууда да колдойт.
7-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
8-берене.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү алган датадан тартып күчүнө кирет жана 5 (беш) жыл ичинде колдонулат. Эгерде Тараптардын бири дагы кезектеги мезгилдин колдонулушу аяктаганга чейин (6) алты айдан кечиктирбестен башка Тарапка ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтпөсө, анын колдонулушу кезектеги 5 (беш) жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
_______________ шаарында 20___-жылдын "___" ___________ эки нускада, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлгөн, ошол эле учурда бардык тексттер аутенттүү болуп саналат.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Азербайджан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
___________________________________ |
| ___________________________________ |