ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХVIII сессиясы
2024-жыл 07- февраль №5
“Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары , Ош Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жазма буйругу жөнүндө ”
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары , Ош Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жетекчисинин 2024-жылдын 24-январь №01-12/53 сандуу каттын жана жазма буйругундагы 2022-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүнө жана анын аткарылышына жүргүзулгөн шайкештик ауидиттин жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди калыбына келтирүү боюнча талкуулап чыгып Ленин айлдык кеңеши токтом кылат:
- “Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары , Ош Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жазма буйругунда көрсөтүлгөн шайкештик ауидиттин жыйынтыгындагы аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу жана мындан ары жол бербөө жагы эске алынып 2024-жылга түзүлгөн бюджеттик каражаттардын жылдык сметасына киргизилсин.
- Токтомду аткаруу жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
- Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
Н.Калмуратов |