Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 22-апрели № 178-т
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрине аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
|
|
|
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азербайжан Республикасынын Өкмөтү, Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында миграцияны жөнгө салуунун маанилүү багыттарынын бири катары миграция жаатында кызматташууну карап,
Тараптардын миграция жаатында эки тараптуу кызматташуусу үчүн укуктук негиз түзүүгө умтулуп,
эл аралык укуктун тиешелүү ченемдерине жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына негизденип,
миграцияны жөнгө салуу жана башкаруу, ошондой эле мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү зарылдыгын эске алып,
миграцияны жөнгө салуу жаатындагы өз ара пайдалуу кызматташууну чыңдоого жана өнүктүрүүгө, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга өзгөчө маани берип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Колдонуу чөйрөсү
Ушул Макулдашуунун алкагында Тараптар миграция жаатында кызматташат, бир Тараптын мамлекетинин экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында болгон жарандарынын укуктарын коргоону камсыз кылат, ошондой эле өз ара алмашуу принцибинин негизинде өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык маалымат жана тажрыйба алмашууну жүзөгө ашырат.
2-берене. Компетенттүү органдар
2.1. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары (мындан ары - компетенттүү органдар) болуп төмөнкүлөр эсептелет:
2.1.1. Кыргыз Республикасынан - Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
2.1.2. Азербайжан Республикасынан - Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматы.
2.2. Компетенттүү органдардын курамына өзгөртүүлөр киргизилген учурда Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө кабарлайт.
3-берене. Кызматташуунун багыттары
3.1. Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында төмөнкүдөй негизги багыттар боюнча кызматташууну жүзөгө ашырат:
3.1.1. маалымат жана тажрыйба алмашуу;
3.1.2. бир Тараптын мамлекетинин экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында болгон жарандарынын укуктарын коргоо;
3.1.3. Тараптардын миграция маселелери менен алектенген компетенттүү органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу;
3.1.4. миграция жаатында илимий-практикалык конференцияларды жана семинарларды өткөрүү, ошондой эле тажрыйба алмашуу;
3.1.5. биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу.
3.2. Ушул Макулдашуу Тараптарга кызматташуунун башка өз ара алгылыктуу багыттарын иштеп чыгууга жана өнүктүрүүгө тоскоолдук кылбайт.
4-берене. Маалымат алмашуу
4.1. Тараптар төмөнкүдөй багыттар боюнча маалымат алмашууну жүзөгө ашырат:
4.1.1. статистикалык маалымат;
4.1.2. жеке маалыматтар;
4.1.3. бир Тараптын мамлекетинин жарандары тарабынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында миграциялык мыйзамдардын талаптары бузулган учурлар жана салынган санкциялар;
4.1.4. мыйзамсыз миграциянын каналдары;
4.1.5. Тараптардын миграциялык мыйзамдары жана бул чөйрөдөгү жаңычылдыктар;
4.1.6. мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү;
4.1.7. виза, башпаанек жана жарандык берүүнүн тартиби;
4.1.8. миграциялык процесстерди башкаруу жана жөнгө салуу методдору;
4.1.9. зарыл деп эсептелген башка багыттар.
5-берене Жеке маалыматтарды бөлүшүү
5.1. Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга жана берүүгө субъекттин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен Тараптардын жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Тараптар төмөнкүдөй жеке маалыматтарды алмашат:
5.1.1. фамилиясы, аты, атасынын аты (орус жана латын жазууларында);
5.1.2. жынысы;
5.1.3. туулган күнү;
5.1.4. туулган жери;
5.1.5. жарандыгы (жарандыкка тиешелүүлүгү);
5.1.6. өлкөнүн аймагында болууга, жашоого же эмгек иши менен алектенүүгө укук берүүчү документтин болушун текшерүү, бар болгон учурда, сериясы, номери, берилген датасы, документти берген орган;
5.1.7. миграциялык мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартуу;
5.1.8. турган жери (жашаган жери) боюнча эсепке алуу (каттоо);
5.1.9. бир Тараптын мамлекетинин жарандарынын экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирүүсүнө же ал жерден чыгуусуна карата колдонулуучу чектөөлөр;
5.1.10. фотография;
5.1.11. дактилоскопиялык карта (эгер бар болсо).
6-берене. Маалымат алмашууну уюштуруу
6.1. Ушул Макулдашуунун алкагында маалымат алмашуу компетенттүү органдардын көмөк көрсөтүү жөнүндө суроо-талабынын (мындан ары - суроо-талап) негизинде жүзөгө ашырылат.
6.2. Эгерде бир Тараптын компетенттүү органы тиешелүү маалымат экинчи Тараптын компетенттүү органынын кызыкчылыгын коргойт деп эсептесе, ал бул маалыматты экинчи Тараптын компетенттүү органына анын суроо-талабы жок эле бере алат.
6.3. Маалымат алмашуу жазуу жүзүндө же электрондук түрдө жүзөгө ашырылат.
6.4. Суроо-талаптын аныктыгына күмөн келип чыкканда кошумча ырастоо талап кылынышы мүмкүн.
6.5. Суроо-талаптын мазмуну төмөнкүдөй маалыматты чагылдырууга тийиш:
6.5.1. сурап жаткан жана суралып жаткан органдын аталышы;
6.5.2. суроо-талаптын кыскача мазмуну (анын максаты жана негиздемеси);
6.5.3. суроо-талапка талаптагыдай жооп берүү үчүн колдонулушу мүмкүн болгон кандай болбосун башка маалымат.
6.6. Сурап жаткан Тараптын компетенттүү органынын жетекчиси же ал ыйгарым укук берген адам суроо-талапка кол коёт жана гербдүү мөөр менен бекитилет.
6.7. Зарыл болгон учурда Тараптардын компетенттүү органдары суроо-талаптарга кол коюуга ыйгарым укук берилген башка кызмат адамдарын аныктайт жана бул жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине маалымдайт.
7-берене. Суроо-талаптын аткарылышы
7.1. Суралып жаткан Тараптын компетенттүү органы суроо-талапты оперативдүү жана маңызы боюнча аткаруу үчүн зарыл болгон чараларды көрөт.
7.2. Суралып жаткан Тараптын компетенттүү органы суроо-талапты аткарууга тоскоол болгон же анын аткарылышын олуттуу кечеңдеткен жагдайлар жөнүндө сурап жаткан Тараптын компетенттүү органына токтоосуз кабарлайт.
7.3. Суралып жаткан Тараптын компетенттүү органы суроо-талаптын талаптагыдай аткарылышын камсыз кылуу үчүн анын пикири боюнча зарыл болгон кошумча маалыматтарга байланыштуу карама-каршы Тараптын компетенттүү органына суроо-талапты жөнөтүүгө укуктуу.
7.4. Суралып жаткан Тараптын компетенттүү органы суроо-талапты аткаруунун натыйжалары жөнүндө сурап жаткан Тараптын компетенттүү органына мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө маалымдайт.
7.5. Суроо-талапты аткаруунун мөөнөтү ал кабыл алынган күндөн тартып 30 (отуз) күндөн ашпоого тийиш.
7.6. Эгерде суралып жаткан Тарап суроо-талаптын кечиктирилбестен аткарылышы анын мамлекетинин аймагында жүргүзүлүп жаткан кылмыш-жаза куугунтугуна же башка өндүрүшкө тоскоол болушу мүмкүн деп эсептесе, анда ал бул суроо-талапты аткарууну кийинкиге калтырууга же анын аткарылышын ал белгилеген шарттардын чегинде камсыз кылууга укуктуу.
7.7. Эгерде суроо-талап суралып жаткан Тараптын компетенциясына кирбесе, ал бул тууралуу сурап жаткан Тараптын компетенттүү органына токтоосуз кабарлайт жана макулдук алгандан кийин суроо-талапты башка компетенттүү органга берет.
7.8. Эгерде суралып жаткан Тараптын компетенттүү органы суроо-талапты аткаруу анын мамлекетинин эгемендигине, коопсуздугуна, коомдук тартипке жана башка олуттуу кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн же болбосо анын мамлекетинин мыйзамдарына, эл аралык милдеттенмелерине каршы келет деп эсептесе, ушул Макулдашуунун алкагында көмөк көрсөтүүдөн толук же жарым-жартылай баш тартат.
7.9. Суралып жаткан Тараптын компетенттүү органы суроо-талапты аткаруудан толук же жарым-жартылай баш тартуу жөнүндө мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жазуу жүзүндө баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен кабарлайт.
7.10. Суроо-талапты аткарууда суралып жаткан Тараптын мамлекетинин мыйзамдары колдонулат.
8-берене. Маалыматты коргоо жана купуялуулук
8.1. Суралып жаткан Тараптын компетенттүү органы сурап жаткан Тараптын компетенттүү органынын өтүнүчү боюнча суроо-талаптын келип түшкөндүгүнүн, анын мазмунунун жана аны коштоочу документтердин, ошондой эле жардам көрсөтүү фактысынын купуялуулугун камсыз кылат.
8.2. Купуялуулукту сактоо менен суроо-талапты аткаруу мүмкүн болбогон учурда бир Тараптын суроо-талапты аткарып жаткан компетенттүү органы мындай шарттардын алкагында суроо-талапты аткаруу керектигин чечкен экинчи Тараптын компетенттүү органына маалымдайт.
8.3. Суроо-талаптын натыйжаларын берген Тараптын макулдугусуз бул маалымат суралган же үчүнчү жакка берилген максаттардан башка максаттарда колдонулушу мүмкүн эмес.
8.4. Алмашылган жеке маалыматтарды коргоо (жоголуудан, санкцияланбаган кирүүдөн, өзгөртүүдөн же таркатуудан) Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана алар катышуучу болгон эл аралык келишимдерге ылайык камсыз кылынат.
8.5. Ушул Макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда ушул Макулдашуунун 8-беренеси күчүндө калат.
9-берене. Координациялоо
9.1. Ушул Макулдашуунун негизинде Тараптардын компетенттүү органдары өз ара келишим боюнча миграция жаатында кызматташууну координациялоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында консультацияларды өткөрөт.
9.2. Тараптардын компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун кыйла натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында биргелешкен жумушчу топторду түзүшү жана эксперттердин жолугушууларын өткөрүшү мүмкүн.
10-берене. Талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди чечүү
Ушул Макулдашууну аткарууга же чечмелөөгө байланышкан бардык талаш-тартыштар же пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
11-берене. Чыгымдар
Эгерде ар бир конкреттүү учурда башка тартип макулдашылбаса, Тараптардын компетенттүү органдары ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан чыгымдарды өз алдынча тартат.
12-берене. Жумуш тили
Бул Макулдашууну ишке ашырууда жумуш тили катары орус тили колдонулат.
13-берене. Толуктоолор жана өзгөртүүлөр
Тараптардын өз ара келишими боюнча ушул Макулдашууга толуктоолор жана өзгөртүүлөр анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет, алар ушул Макулдашуунун 14-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирет.
14-берене. Корутунду жоболор
14.1. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Тараптардын акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоосу дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
14.2. Тараптардын бири ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлоо жөнөтүү менен ушул Макулдашууну токтото алат. Мындай учурда ушул Макулдашуунун колдонулушу Тараптардын биринин бул жөнүндө кабарлоосун алган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин токтотулат.
20___-жылдын "___" ____________ шаарында эки нускада азербайжан, кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн |