Загрузка документа…
ЧЕЛЬПЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 13-майындагы № 26
Чельпек айыл кенешинин уставын бекитүү жана мекеменин фирмалык аталышын өзгөргөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Күн тартибинде маселе боюнча Чельпек айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы Б.К.Омуркуловдун маалыматын угуп жана талкуулап Чельпек айыл кенеши токтом кылат:
1. “Чельпек айыл кенеши” мекемеси Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын талыбына ылайык жана фирмалык аталышы “Чельпек айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесине өзгөртүлсүн жана мекеме мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
2. Мекеменин фирмалык аталышы мамлекеттик тилде - “Чельпек айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси; расмий тилде – учреждение “Айылный кенеш Чельпекского айылного аймака”.
3. “Чельпек айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин уставы бекитилсин. Мекеме Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан кайра каттоодон өткөрүлсүн.
4. Мекеменин юридикалык дареги: Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Чельпек айылы, А. Булатов көчөсү № 25
5. “Чельпек айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан кайра каттоодон өткөрүү жагы айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчы Н. К.Раматовага милдеттендирилсин.
6. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага |
| Б. Омуркулов |
Эскертүү: “Чельпек айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин уставынын казаз түрүндөгү нускамасы келип түшкөн эмес.