Загрузка документа…
ЧЕЛЬПЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-июнундагы № 30
Чельпек айыл аймагындагы 2021- жылга пландаштырылган “Дем берүүчү (үлүштүк гранты) боюнча Чельпек айыл аймагынын Чельпек айылында А. Булатов, А. Давлетов көчөлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
1. Чельпек айыл аймагынындагы А. Булатов, А. Давлетов көчөлөрү 24.02.2022-жылдын №85-өкмөттүн тескемесине ылайык жол транспорт коммуникация Министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин жол тейлөө мекемесинен өткөндүгүнө байланыштуу “Дем берүүчү грант” долбоорунда көрсөтүлгөн А. Булатов, А. Давлетов көчөлөрүнүн ордуна Т. Исламов көчөсүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган көчөнүн беш кошкон кесилишинен күн чыгыш тарапты көздөй 0,7 км өлчөмүндө жол капиталдык ремонттон өтүүгө берилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы С. Б. Кадаевка жүктөлсүн.
4. Көзөмөлдөө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Б. Омуркулов |