Загрузка документа…
ЧЕЛЬПЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 23-сентябрындагы № 38
2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин бекитилген чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Чельпек айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз XXI- сессиясынын негизинде, токтом кылат:
Киреше салыгынан ашыкча түшкөн 700,0 миң сом өлчөмдөгү каражаты көбөйтүлсүн.
1. Башкаруу бөлүмүнө 2215 статьясына 50,0 миң сом каражаты жер тилкелерин трансформациялоого жана башка чыгымдарга бөлүнсүн.
2. Бала- бакча бөлүмүнө 3111 статьясынын 1390 элементине 200,0 миң сом акча каражаты бала-бакчага кошумча жылытуу системасынын жумуштарына бөлүнсүн; 2218 статьясынын 1100 элементине 100,0 миң сом акча каражаты тамак- ашка бөлүнсүн.
3. Жаранды коргоо бөлүмүнө 2215 статьясына 300,0 миң сом тегерегин тосууга бөлүнбөй калган жерине кошумча каражат бөлүнсүн.
4. Спорт комплексине 2215 статьясына ар кандай чыгымдарына 50,0 миң сом каражат бөлүнсүн.
5. Тиешелүү иш- чараларын жүргүзүү максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы финансы бөлүм башчысы С. Сатаровага мидеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын бюджет комиссиясынын төрайымы А.Субановага жана айыл өкмөт башчысы С.Б. Кадаевка жүктөлсүн.
Төрага |
| Б. Омуркулов |