Загрузка документа…
ЧЕЛЬПЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 04-ноябрындагы № 41
Чельпек айылынын “Дыйканчылык илим изилдөө” институтуна тиешелүү 98 га жерди кайтарып берүү жөнүндө
Чельпек айылынын 2022-жылынын 10-октябрындагы Элдик жыйындын протоколунун негизинде, 01- ноябрындагы айылдык аксакалдар кеңешинин чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленгендей “Бийлик ээси –Эл” дегенди негизге алып, Чельпек айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясынын отуруму:
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. “Дыйканчылык илим изилдөө” институтуна тиешелүү 98 га жерге айыл аймактын жарандары өзүлөрүнүн алыс, катаал шарттагы үлүш жерлерин таштап келип алгандыгына байланыштуу, ошол учурда аталган жер иштетилбей келгендигине байланыштуу “Дыйканчылык илим изилдөө” институтунун мамлекеттик актысында көрсөтүлгөн-жайгашкан жерин бирдей категориядагы, бирдей көлөмдөгү жерге алмаштырып берүү Айыл Чарба Министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.
2. Аталган 98 га жерди учурда пайдаланган жарандарга мыйзамдаштыруу жагы Жогорку Кеңештен суралсын.
3. Бул чечимдин аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Б. Кадаевка жүктөлсүн.
4. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| Б. Омуркулов |