Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 17-январы № 2
Талас бөлүмүнүн радиоборборунун өндүрүштүк имаратын Бердике баатыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 651 токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2023-жылдын 19-декабрындагы №735-б «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын балансында турган кыймылсыз мүлк объекттерин муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө” буйругунун негизинде Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз№ 29 сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабыл алуу-өткөрүү маалында “№ 001443 жер участогунда жайгашкан, белгиленген тартипте эсептен чыгарыла турган эски, толук оңдоп түзөө иштерине муктаж болгон 342,8 кв.м Талас бөлүмүнүн радиоборборунун өндүрүштүк имаратын толук карап чыгып, капиталдык оңдоп түздөө иштерин жүргүзүп максаттуу багыт боюнча колдонсо боолору аныкталсын.
2. № 001443 жер участогуна кошуп ал жерде жайгашкан, белгиленген тартипте эсептен чыгарыла турган эски капиталдык оңдоп түзөтүүгө муктаж абалдагы 342,8 кв.м Талас бөлүмүнүн радиоборборунун өндүрүштүк имаратын эсептен чыгарып, бузбай эле толук боюнча “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын балансынан Бердике баатыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алууга макул экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Бердике баатыр айыл аймагынын кенешинин төрөгасы |
| Азизбек уулу Улукмырза |