Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-февралы № 84
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун ишин жөнгө салуучу айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбалык коомдорду натыйжалуу башкаруу максатында, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 4-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:";
- төмөнкүдөй мазмундагы 21 - 23-пунктчалар менен толукталсын:
"21) "Кыргызиндустрия" ААКта акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашырсын;
22) "Кыргызиндустрия" ААКтын уставын бекитсин;
23) "Кыргызиндустрия" ААКта белгиленген тартипте директорлор кеңешин түзүү боюнча чараларды көрсүн;".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 148 "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун мындан аркы ишинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |