Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 23-апрели № 182-т
1. 2022-жылдын 11-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кошумча макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине жогоруда аталган Кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
2022-жылдын 11-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы КОШУМЧА МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азербайжан Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар),
инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн Тараптардын Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын көбөйтүү ниетин эске алып,
2022-жылдын 11-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 8-беренесин жетекчиликке алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты.
1-берене.
Макулдашуунун 4-беренесиндеги жана Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 6-беренесинин 2-пунктундагы "25000000 (жыйырма беш миллион) АКШ доллары" деген сөздөр "100000000 (жүз миллион) АКШ доллары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кошумча макулдашуу Макулдашуунун 10-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирет.
Бул Кошумча макулдашуу Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана Макулдашууну колдоону токтотулган күндөн тартып колдонулушун токтотот.
2024-жылдын Баку шаарында ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде эки түп нускада кол коюлду. Кошумча макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн |