Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жыл 26-декабрь №28-23/2
Пробация башкармалыгынын имаратын куруу ʏчʏн жер тилкесин бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри, Ч.А.Бапаевдин, пробация башкармалыгына заманбап имаратын куруу ʏчʏн, жер тилкесин бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳгʏ, 2022-жылдын 28-ноябрындагы, чыг:№01-16-3783 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарындагы, Кыштобаев, Туманов н/ж атындагы кѳчѳлѳрʏндѳ жайгашкан, аянты 450 м2 болгон, жер тилкесин, Ысык-Кѳл жана Нарын областарына караштуу, пробация башкармалыгына заманбап имаратты куруу ʏчʏн, бѳлʏп берʏʏгѳ уруксат берилсин.
2. Эгерде, ʏч жылдын ичинде пробация башкармалыгынын заманбап имаратынын курулушу бʏтпѳсѳ, берилген жер тилкеси бир тараптуу тартипте Каракол шаарынын муниципалдык менчигине, КР мыйзамдуулугуна ылайык кайтарылсын.
3. Каракол шаардык регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы бул токтомдо, кѳрсѳтʏлгѳн обьектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюсуз аткаруусун камсыз кылсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрагасы |
| Т.Ж.Акимканов |