Редакцияот 07.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХVIII сессиясы

 

2024-жыл 07- февраль №6

 

“Аты жок көчөгө Ж.Белековдун ысымын ыйгаруу жөнундө ”

 

Жыгач-Коргон айылынын тургуну Белекова Сырганын жолдошу маркум Белеков Жумакадырдын ысымы ыйгарылган көчөнүн аты өзгөрүлгөндүгү жөнүндө жазган арызын социалдык маселелер боюнчча түзүлгөн комиссия курамынын отурумунда карап чыгып, комиссиянын берген сунушунун негизинде Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.     Жыгач-Коргон айылынын К. Ханназаров көчөсү бүтүп Чойбек Палван көчөсүнүн башталышындагы ортолуктагы көчөнүн башынан баштап Багыш айыл өкмөтүнүн С.Маматов көчөсүнө чейин эмгек ардагери маркум Белеков Жумакадырдын аты ыйгарлсын.

 

2.     Токтомду аткаруу жана айыл өкмөттөн тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.

 

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн .

 

4.     Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Төрага:

 

Н.Калмуратов