ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-июну № 5/26
Первомайский айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 19 главасынын 89, 90, 95 беренелеринин негизинде, Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн күн тартибине сунушталган маселе боюнча ФЭО башчысы А.А.Ажигулованын 2024-2026-жылдарга бюджеттин долбоору жѳнүндѳ маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин 28-чакырымы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Первомайский айыл өкмөтү боюнча 2024-2026-жылдарга сунушталган бюджеттин долбоору:
1. кийинки көрсөткүчтөр менен № 1 жана № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2022-жылга кирешелердин накталай түшүүсү – 9057,2 миң сом
2022-жылга бюджеттик чыгашалар боюнча бекитилген план 9114,0 миң.сом, атайын эсепке 960,0 миң сом менен.
2022-жылга накталай чыгашалар бюджет боюнча – 13029,8 миң сом, атайын эсеп боюнча – 884,7 миң сом менен.
Бюджеттин киреше бөлүгүндө 2023-жылга бекитилген планы 8116,2 миң сом менен.
2023-жылга чыгаша бөлүгү боюнча бекитилген бюджеттин планы бюджеттик эсеп боюнча - 14308,2 миң сом, атайын эсепке - 960,0 миң сом.
2023-жылга бюджеттин киреше бөлүгүндө күтүлүп жаткан аткарылышы 8100,8 миң сомду түзөт.
2023-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгүндө күтүлүп жаткан аткарылышы бюджеттик эсеп боюнча 14308,2 миң сом, атайын эсеп боюнча 960,0 миң сом.
Иш жүзүндө 2023-жылдын 5 айында кирешелер боюнча 3065,1 миң сом планда 3772,7 миң сом аткарылгандыгы.
2023-жылдын 5 айында иш жүзүндө аткарылгандыгы бюджеттин чыгаша бөлүгүндө бюджеттик эсеп боюнча – 4153,9 миң сом, атайын эсеп боюнча – 392,1 миң сом.
2. Ошондой эле 2024-2026 жылдарга кийинки көрсөткүчтөрлөрү бекитилсин:
2024-жылга
Кирешелер боюнча - 8184,5 миң сом, бюджеттик эсеп боюнча чыгашалар боюнча - 14376,5 миң сом, атайын эсеп боюнча - 960,0 миң сом.
2025-жылга
Кирешелер боюнча - 9140,4 миң сом, бюджеттик эсеп боюнча чыгашалар боюнча - 15332,4 миң сом, атайын эсеп боюнча - 960,0 миң сом.
2026-жылга
Кирешелер боюнча – 9143,6 миң сом, бюджеттик эсеп боюнча чыгашалар боюнча - 15335,6 миң сом, атайын эсеп боюнча - 960,0 миң сом.
3. Ушул токтумдугу аткарылышын камсыздоо Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.О.Сартпаевге жүктѳлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кенештин бюджет боюнча комиссиясынын тѳрагасы Борончу уулу Нке жүктѳлсүн.
Төрайым | З.М. Кочкорова |