СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз ХХХУ сессиясы
2024-жылдын 22-апрели № 166
Кызыл-Бел участкасына тараза куруу үчүн 2024-жылга каралган жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынан Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 3111 “Активдер” беренесинен 1000 000 (бир миллион) сом акча каражатын Кызыл бел участкасына видеокамера жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн трансформатор орнотуу үчүн 3112 “Машиналар жана жабдуулар” беренесине которууга макулдук берүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 28.03. 2024ж. №01-27/134 сандуу Кызыл-Бел участкасына тараза куруу үчүн 2024-жылга каралган жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынан Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 3111 “Активдер” беренесинен 1000 000 (бир миллион) сом акча каражатын Кызыл бел участкасына видеокамера жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн трансформатор орнотуу үчүн 3112 “Машиналар жана жабдуулар” беренесине которуп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34 беренелеринин негизинде шаардык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел участкасына тараза куруу үчүн 2024-жылга каралган жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынан Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 3111 “Активдер” беренесинен 1000 000 (бир миллион) сом акча каражатын Кызыл бел участкасына видеокамера жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн трансформатор орнотуу үчүн 3112 “Машиналар жана жабдуулар” беренесине которуп берүүгө макулдук берилсин
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Кутбидинов |