Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз ХХХУ сессиясы

2024-жылдын 22-апрели № 167

 Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 3111 беренесинде шагал төшөөгө каралган 2000 000 сом акча каражатынын ичинен  1000 000 сом акча каражатынын максаттык багытын борбордук көчөлөрдүн автожолдорунун чуӊкурларын жамоо үчүн өзгөртүп бөлүп берүүгө макулдук берүү  жөнүндө

 

Сүлүктү шаардык мэриясынын 18.04.2024ж. №01-7/881 сандагы  Сүлүктү шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик мекемесинин 3111 беренесинде шагал төшөөгө каралган 2000 000 сом акча каражатынын ичинен 1000 000 сом акча каражатынын максаттык багытын борбордук көчөлөрдүн автожолдорунун чуӊкурларын жамоо үчүн өзгөртүп бөлүп  берүүгө макулдук берүү жөнүндөгу каты боюнча шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34 беренелеринин негизинде шаардык кеӊеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 3111 беренесинде шагал төшөөгө каралган 2000 000 сом акча каражатынын ичинен                     1000 000 сом акча каражатынын максаттык багытын борбордук көчөлөрдүн автожолдорунун чуӊкурларын жамоо үчүн өзгөртүп бөлүп берүүгө макулдук берилсин  

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча”  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

М.А.Кутбидинов