Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги Xсессиясы
2023-жылдын 13-февралы № 06
Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашырылуучу долбоорго өздүк салым үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, 2023-жылы Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорду ишке ашыруу аракеттери боюнча шаар мэри С.Т.Кылдановдун сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.
Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
2. Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун эсебинен Токтогул шаарынын ички жолорун тейлөө үчүн грейдер техникасын алуу боюнча долбоорду ишке ашырууга байланыштуу төмөндөгүлөр эске алынсын:
- грейдердин жалпы наркы 8000 000 сом;
- анын ичинен,жергиликтүү бюджеттин эсебинен, өздүк салым катары (грейдердин наркынын 30 %) бөлүнүп берилген каражат 2400 000 сом;
3. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликтүү иштер жүргүзүлсүн.
4. Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов) жана ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
5. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (Д.Бакиева).
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А. Т. Тулекеева |