Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 26-декабрындагы №28-23/4
Каракол шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жѳнʏндѳ
«Каракол шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга сунуш кылынган талапкерлер боюнча материалдарды талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык кенешинин XXVIII чакырылышынын XXIII сессиясы,
токтом кылат:
1. «Каракол шаарынын ардактуу атуулу» наамы, Каракол шаарынын социалдык-экономикалык ѳнʏгʏʏсʏнѳ зор салым кошкондуктары ʏчʏн тѳмѳнкʏ атуулдарга ыйгарылсын:
*Акматова Каныкей Мукашовна;
*Апазов Жыргалбек;
*Бейшекеев Русланбек Асанбекович;
*Бекбаев Тѳлѳмʏш Данапияевич;
*Жумалиев Кудайберген Карагулович;
*Куйкеев Рысбай Байбагышович;
*Макеева Манара Бекешовна;
*Молдоташев Догдурбай Уркасымович;
*Тамаев Ɵмʏрбек Шакирович;
*Чомоева Толкун Дыйканбаевна;
*Чылабаев Русталбек Казыбаевич;
*Тʏмѳнбаев Акылбек Тогузбаевич;
*Тʏлѳбаев Балбак Зарлыкович;
*Кыдыкбаев Жаныбек Султанович;
*Эргешов Алтынбек Калдарович;
2. Кабыл алынган токтомдун негизинде, Каракол шаардык Кенеши, Каракол шаарынын мэриясы, жогоруда аталган жарандарга, «Каракол шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жѳнʏндѳгʏ биргелешкен токтомун, бир жолку сый акыны тѳлѳп бербѳѳ менен, кабыл алышсын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрагасы |
| Т.Ж.Акимканов |