Редакцияот 13.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги Xсессиясы

  

2023-жылдын 13-февралы № 07

 

Токтогул шаарынын Коргол көчөсүндөгү мектепке чейинки билим берүү уюмуна А.Бекматжанованын ысымын  ыйгаруу жөнүндө  

 

          Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын жана  Токтогул шаарындагы көчөлөргө, парктарга, мекеме ишканаларга, окуу жайларга ысым ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык, 27.12.2023жылдагы Токтогул райондук ардагерлер кеңешинин, 17.01.2023-жылдагы Токтогул райондук аялдар кеңешинин кайрылуулары каттоого алынып, 06.02.2023-жылы “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, калктын  социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам жана жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.

Аталган туруктуу комиссиянын чечимин жана депутаттардын башка сунуш, пикирлерин  угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз  X сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул шаарынын тургуну, маркум Акылай Бекматжанованын өрнөктүү өмүр жолу,  эл үчүн ак ниеттүүлүк менен өтөгөн кызматы  эске алынып, жогорудагы туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан колдоого алынгандыгы  белгиленсин (өмүр баяны, сыйлыктарынын көчүрмөлөрү тиркелет).

2.  Ага ылайык, Токтогул шаарынын Коргол көчөсүндөгү мектепке чейинки билим берүү уюмуна Акылай Бекматжанованын ысымы ыйгарылсын, уюмду юстициядан каттоодон өткөрүүдө эске алынсын.

3. Аталган уюмда анын өмүр баяны, эмгек жолу, алган сыйлыктары, эл үчүн жасаган эмгектери жөнүндө  атайын бурч уюштурулсун.    

4. Ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыган бурчту уюштурууга, уюмдун материалдык жана техникалык базасын чыңдоого жакындан жардам берүү жагы А.Бекматжанованын уул-кыздарынан, жакындарынан суралсын.

5.  Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды. 

6. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов) тапшырылсын,  көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.  

7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүү мекемелерге жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын. 

8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төраганын орун басары

А. Т. Тулекеева