СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңештин VI1 чакырылышынын кезексиз ХХХV сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 107
Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышындагы кезектеги XХIХ сессиясынын 2023-жылдын 10-августундагы № 87 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.
Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышындагы кезектеги XХIХ сессиясынын 2023-жылдын 10-августундагы № 87 токтомунда Магомедов Магомед Мусаевичке Суу-Башы айыл аймагынын атынан берилген “Ардактуу атуул” наамын Суу-Башы айыл өкмөтүнүн элдеринин жана депутаттарынын “Ардактуу атуул” наамын жокко чыгаруу максатында 2024-жылдын 15-апрелинде жазган арызын угуп жана талкуулап, Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХV сессиясы токтом кылат:
- “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга көрсөтүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын 2023-жылдын 10-августундагы № 87 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
- Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышындагы кезектеги XХIХ сессиясынын 2023-жылдын 10-августундагы № 87 токтомунда Магомедов Магомед Мусаевичке берилген “Ардактуу атуул” наамы жокко чыгарылсын.
- Бул токтомду аткаруу жагы Суу-Башы айыл аймагынын башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Бөрүев |