СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңештин VI1 чакырылышынын кезексиз ХХХV сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 108
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановдун билдирүүсүн кароо жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Чын-Булак жерлигине алтынды байытуучу фабрикасын куруу максатында “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулган 64,4га жер аянтын Суу-Башы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында, Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 27.03.2024-жылы №35 токтому менен которулган жердин багытын өзгөртүп берүүнү талкуулап жана угуп, Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХV сессиясы токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Чын-Булак жерлигинде алтын байытуучу фабрикасын куруу максатында “Өнөр жайынын, транспорттун,байланыштын,энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулган 64,4га жер аянтынын ичинен 1га жер аянты өндүрүштүк багытка өзгөртүлсүн жана Суу-Башы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине “тоок ферма” курууга макулдук берилсин.
2 . Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
.
Төрага | А.Бөрүев |