КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясы
2023-жылдын 11-апрели № 18-4
Чакан ГЭС куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жана ижара акысын бекитип берүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Кара-Жыгач-Кербен капчыгайындагы Авлетим дарыясына “ Сапат-Электро.КТ” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулуучу чакан ГЭС үчүн 2,52 га жер аянтын ажыратып,ижарага берүү жөнүндө корутундусун жана айыл өкмөттүн жер адиси Ж.Малабаевдин билдирүүсүн угуп,талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач-Кербен капчыгайындагы Авлетим дарыясына “ Сапат-Электро.КТ” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулуучу чакан ГЭС үчүн 2,52 га жер аянты жылына 250 000 (эки жүз элүү мин) сом ижара акы менен берилсин.
2. Ижарага берилген жер аянтынын чек араларын тактап,ижара келишимин түзүп,бекитип берүү жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Алимбековго милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Туу айылдык Кенешинин бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтомду kуzуl-tuu.gos.kg расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
5. Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| Б.Төрөбеков |