ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин ХI чакырылышынын кезексиз ХХXXI сессиясы
2024-жыл 22- апрель №1
“Жалал-Абад шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасына макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деӊгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Жалал-Абад шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасына макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин төрагасына жана Жалал-Абад шаарынын мэрине Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
А.Дүйшеев |