УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кеңешинин VI1 чакырылышынын 11 сессиясы
2024-жылдын 28-марты № 2/3
“Баткен облустунда айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу менен Уч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү менен түзүлгөн макулдашууну бекитүү жөнүндө.
Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.Шакировдун билдирүүсүн угуп, жана талкуулап Уч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облустунда айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу менен Уч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү менен түзүлгөн макулдашуу жактырылып бекитилсин.
2. Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Уч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү тийиштүү жумуштарды алып барсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Юстиция министрлигинин тийиштүү органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Уч-Коргон айылдык кеӊешинин төрагасынын орун басары |
С.Атамбаев. |