Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 26-декабрындагы №28-23/9
«Каракол шаарына караштуу Пристань-Пржевальск аймагындагы, №1 балдар бакчасынын имаратындагы китепкананын каиталдык ремонту» долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылашууга акча каражатын, Каракол шаарынын 2023-жылдын бюджетинин долбооруна киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэри Э.Дж.Джумаевдин, 2022-жылдын 21-декабрындагы, чыг:№01-16-4104 кайрылуу катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын XXIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы (Г.С.Толумбекова), 482 817 (тѳрт жʏз сексен эки миң сегиз жʏз он жети) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатын, «Каракол шаарына караштуу Пристань-Пржевальск аймагындагы, №1 балдар бакчасынын имаратындагы китепкананын каиталдык ремонту» долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылашууга, Каракол шаарынын 2023-жылдын бюджетинин долбооруна киргизʏʏнʏ камсыз кылсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ экономика, бюджет, соода, ѳнѳр-жай, инвестициялар жана ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрагасы |
| Т.Ж.Акимканов |