Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 С.Атабеков айылдык кеӊешинин кезектеги отуз тогузунчу сессиясы

 

2023-жылдын 10-августу № 2

С.Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын  участкасынан  Темирбетон чыгаруучу завод  куруу үчүн  жер ажыратып  берүү жөнүндө

 

Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын  24.08.2023-жылдагы № 01/603 корутундусунун жана С.Атабеков айыл өкмөтүнүн .09.08.2023-жылдагы №612 сандуу кайрылуусунун негизинде С.Атабеков айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С.Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-жер айылында жайгашкан 224-контурунан 4,66 гектар жер тилкеси, 426-контурунан 5,34 гектар жер тилкеси, жалпысы 10,0 гектар жер тилкеси  мамлекеттик фондунунун эсебиндеги таштуу жайыт жана жүзүмдүү бак - дарак жер категориясынан өнөр – жайдын,  транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.

2.Токтомду бекитип берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Токтомду аткаруу жана юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Зияевке жүктөлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

А. Эралиев