Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү № 30 сессиясы

 

2024-жылдын 19-февралы № 4

 

Токой тикесинен жашылдандыруу боюнча

 

Арашан айылынын тургуну Атаканов Эркинбек жазган кайрылуусун карап чыгып. Арашан айылынын күн чыгыш тарабында жайгашкан токой тилкесинен куурап калган дарактардын ордун толуктоо максатында жерлерди курчап тазалоо жана бак дарактарды олтургузуп жашлдандыруу максатында асылдуулугу төмөн айыл чарба жеринен бак дарак тигүү үчүн Бердике баатыр айыл Кенеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бердике баатыр айыл аймагына караштуу “Присельный” участогунда жайгашкан №876 чөйрө сызыгынан айыл чарбасы үчүн пайдаланбаган жерден 1,50га жер участогун б.а. эрозияга каршы бак дарак тигүү үчүн Атаканов Эркинбекке 7- жылдык мөөнөт менен ижарага бекитилип берилсин.

 

2. Ижара эки тараптуу келишим түрдөө түзүлсүн, милдеттендирилсин талаптар коюлсун. Атаканов Эркинбек тарабынан ижара мезгилинде талапка ылайык иштер (кызмат) жүргүзүлсүн.

 

3. Бөлүнгөн 1,5га жерге максаттуу иш алып баруу, тейлөө иштерин уюштуруу, айыл өкмөтү тарабынан коюлган талаптар толугу менен аткаруу жагы Атаканов Эркинбекке милдеттендирилсин.

 

 

Бердике баатыр айыл аймагынын

кенешинин төрөгасы

 

Азизбек уулу Улукмырза