УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кеңешинин VI1 чакырылышынын 111 сессиясы
2024-жылдын 12-апрели № 3/2
“Сурма Таш” мамлекеттик коругунун жер аянтына 35-40 МВт кубаттуулугундагы ГЭСин куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндөгү” №178 Жарлыгына ылайык тез аранын ичинде суралган жер аянттарын трансформациялоого жана Үч-Коргон айыл аймагынан 0,54 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 4-мартындагы Чыг.№01-17/781 катынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сурма Таш” мамлекеттик коругунун жер аянтына 35-40 МВт кубаттуулугундагы ГЭСин куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндөгү” №178 Жарлыгына ылайык тез аранын ичинде суралган жер аянттарын трансформациялоого жана Үч-Коргон айыл аймагынан 0,54 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы №1788 шифр №2810 административдик чек арасын белгилөө долбоору материалына ылайык суралган 0,54 га жер аянты Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сурма-Таш мамлекеттик коругуна ажыратып берүү жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба жана агрардык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | М.Кочконова |