БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү № 30 сессиясы
2024-жылдын 19-февралы № 6
Таза суунун башкы курулмасына жер бөлүп берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдагы 15-июлундагы №145 "жер участокторун которуу (трансформатциялоо) тартиби жөнүндө" Мыйзамы менен бекитилген“ Жер участокторун которуу (трансформатциялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобону жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтомун жетекчиликке алып Бердике баатыр айыл аймагындагы административдик чегиндеги “Негизги” участогунун №246-чөйрө сызыгындагы жалпы аянты 1,5га жер участогун Айыл чарба багытындагы жерден (курулуш алдындагы) жерге которуга (трасформациялоого) макулдук берет.
2. Кум-Арык айылынын тургуну Карабеков Бакыт ФПС жеринен пайдаланып жүргон №246 контурдагы 2га жерди башка ФПС жерге которууга өз макулдугу алынып, которуу жага каралсын.
3. 3,5 км аралыкта жайгашкан Кум-Арык айылынын суу топтоочу резервуарына суу куюп берүү үчүн диаметри 200 түтүкчө менен тартылып келип, үзгүлтүксуз суу жеткирип берүү Талас шаардык мэриясына жүктөлсүн.
4. Талас шаардык таза суу муниципалдык ишканасына таза сууга резервуар куруу үчүн 1,5 га жер максаттуу пайдаланууга мөөнөтү көрсөтүлбөгөн убакытка эки тараптуу келишимдин негизинде ижара акысы белгиленип берилсин.
5. Токтомдуу аткаруу алуу жана мыйзамдуу иш алып баруу Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тажыкановго жүктөлсүн.
Бердике баатыр айыл аймагынын кенешинин төрөгасы |
| Азизбек уулу Улукмырза |