Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХчакырылышынын кезексиз ХХVI сессиясы

 

2024-жыл 19- апрель №26-9-1

 

“Майлуу-Суу шаарынын аймагынын административдик чек арасын схемалык картасын бекитүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Майлуу-Суу шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык кеңештин IX- чакырылышынын кезексиз XXⅤⅠ сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын өкүлүнүн маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

 

2.     Майлуу-Суу шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

 

3.     Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасына (Н.А.Бостонов) жана Майлуу-Суу шаарынын мэрине (Н.Э.Умаров) схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

 

4.     Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жөнөтүлсүн.

 

5.     Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

6.     Бул токтомдун аткарылышын контролдоо өзүмө калтырам.

  

 

Шаардык кеңештин төрагасы

 

Н.Бостонов