САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 30-майы № 17
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-2025-2026 – жылдарына болжолду долбоорун бекитүү жөнүндө
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-2026-жылдарга болжолду долбоорун жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исканаджиевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап С.Атабеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Атабеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери 2024-жылга 38341,0 миң сом, 2025-жылга 39721,1 миң сом, 2026-жылга болжолу 39721,1 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
2. Республикадан келген теңдөөчү грант көлөмү 2024-жылга долбоору 18521,0 миң сом, 2025-2026-жылдар үчүн дагы 18521,0 миң сом өлчөмүндө бекитилип, теңдөө гранты биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы, соцфондко чегерүү, коммуналдык төлөмдөр, тамак-аш азыктары үчүн) каржылоого жумшалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси, Кыргыз Республикасынын токтомдору менен бекитилген нормативдик актыларга жана айыл өкмөтүнө өткөрүлгөн коомдук угууларда каралган маселелердин негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдары 2024-жылга долбоору 56862,0 миң сом, 2025-жылга 58242,1 миң сомго, 2026 – жылга 58242,1 миң сомго бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бекитилген 2020-жылга долбоору жана 2024-2026 – жылдарга болжолун жалпы мамлекеттик бюджеттин кошуусуна кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.А. Исканаджиевке милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | А. Эралиев |