САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 30-майы № 18
С.Атабеков айыл аймагында жаңы уюшулган “ Жайыт пайдалануучулар бирикмеси” нин
финансылык киреше, чыгашаларын бекитүү, иш өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жайыт
пайдалануучулар бирикмесин балансындагы жайыт жерлерди пайдаланууну жөнгө салуу
жана 2023-жылга жайыттарды пайдалануу өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнь №386 токтомунун негизинде айыл аймагында уюшулган “ Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” 2023-жылга жайыттарды пайдалануу өлчөмүн бекитүү, жайыт комитетинин социалдык жана экономикалык өнүгүүсүн жандандыруу, анын бюджетин толуктоо жана кеңейтүү бюджеттин чыгаша бөлүктөрүн аныктоо, жайыт жерлерди пайдаланууну иретке келтирүү жана жайыттарды эрозиядан сактоо максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Атабеков айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2022-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын жана 06.03.2023-жылдагы протоколу бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылдагы финансылык пландарынын аткарылышы жактырылсын жана 2023-жылга иш пландары алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
3. С.Атабеков айыл өкмөтүнүн “жайыт пайдалануучуулар бирикмесинин” жайыт комитетинин жайыттан пайдаланып жаткан жайыт жер ушул күнгө чейин жайыт пайдалануунун өлчөмү 6746 гектар бойдон калтырылгандыгы бекитилсин.
4. С.Атабеков айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитети 2023-жылга жайыт жерлеринен пайдаланган атуулдарга төмөнкү тартипте жандыктардын башына карап акы алуу белгиленсин:
Мал жандыктарын багуу баасы ийри мүйүздүү эне- бала- 5500 сом, суубай- 3500 сом, майда жандыктар туягы- 900 сом.
5. Жайыт төлөмдөрү:
бир баш кара мал, жылкы, эшек үчүн 6 айга -118,12 сом 1 коэффициент
бир баш торпок, тай үчүн 6 айга – 82,27 сом 0,7 коэффициент
бир баш кой, эчки-7 айга - 23,63 сом 0,2 коэффициент
бир бал челектен - 25,0 сом
Жогорудагы тарифтердин негизинде жакынкы жайыттан пайдалангандар үчүн:
-бир баш кара мал, жылкы,эшек үчүн - 49,43 сом
бир баш кой, эчки - 9,89 сом
Алыскы жайыттан пайдалангандыгы үчүн:
-бир баш кара мал, жылкы,эшек үчүн - 68,69 сом
бир баш кой, эчки- 13,74 сом.
6. С.Атабеков айыл өкмөтүнүн тургундарына мал жайыттын тартыштыгына байланыштуу жана жайыттардын эрозияга учурашынын алдын алуу максатында уруксатсыз башка айыл өкмөттүн, райондун, областтын мал- жандыктарын С.Атабеков айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жеринен пайдалангандыгы үчүн жогорудагы белгиленген коэффициент 1,5 эсеге жогорулатып өндүрүлсүн.
7. Жайыт жерлерди башка максатта пайдалангандыгы үчүн:
- чөп үчүн орула турган жайыт жер 1 гектар үчүн жер салыгы кошо-512 сом
- жайыт жерди бузуп айдоо катары пайдаланса 1 гектар жер салыгы кошо-10000 сом
- жайыт жерде уруксатсыз курулуштарды жерлерге тигилген бак курган курулуш объектилердин ээлерине курулуштун курулган күнүнө жана жылына карабай ар бир м2 жер үчүн салыкты кошпогондо 27 сомдон айып өндүрүлсүн.
8. Жайыт комитетинин киреше жана чыгаша сметасы алымча, кошумчасы менен бекитилсин.
Төрага | А. Эралиев |