Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 18-апрели № 4/1
Үч-Коргон айыл аймагынын административдик чек
арасынын схемалык картасын макулдашуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Үч-Коргон айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасына жана Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысына схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кадамжай жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрайым: | М.Кочконова |