Редакцияот 30.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 С.Атабеков айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы

 

2023-жылдын 30-майы № 19

 Кыргыз Республикасынын  Бюджеттик Кодексинин негизинде  киреше жана чыгаша планына  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан жеткирилген планга кошумча түшкөн  кирешелерди пайдалануу үчүн  жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча

 

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1.Республикалык бюджеттен келген кирешелерди пайдалануу үчүн  2023-жылдын киреше бөлүгүнө 897,0 миң сомго көбөйтүү менен өзгөртүүлөр  киргизилсин.

2.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык бюджеттик баланстуулукту сактоо максатында 70629  “Коммуналдык чарба” бөлүмүнүн  2221 “Мүлктөрдү учурдагы оңдоо” беренесине 897,0 миң сомго көбөйтүлсүн.

3.Каражат  айыл аймагындагы мунапыстан кийин кошулган жаңы , калктуу конуштарындагы көчөлөрүн учурдагы оңдоого, кызмат көрсөтүүлөрүнө жумшалсын.

4.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык 2023-жылга бекитилген бюджеттин киреше-чыгашаларынын планын тактоо, Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.

 5. Токтомдо бекитилген акча каражатын натыйжалуу бөлүштүрүү жагы С. Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Эралиев