КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-декабры № 651
"Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын балансындагы кыймылсыз мүлк объекттерин муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-статьясына, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына ылайык, Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кудук айыл аймагынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 13/4, Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагынын 2022-жылдын 3-октябрындагы № 20/1, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айыл аймагынын 2023-жылдын 27-мартындагы № 12, Талас облусунун Талас районунун Бердике баатыр айыл аймагынын 2023-жылдын 25-январындагы № 64 айылдык кеңештеринин токтомдорун көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Айыл аймактарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын муниципалдык менчигине төмөнкү жер участоктору өткөрүп берилсин:
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине идентификациялык коду 2-01-10-0004-0257, аянты 2500 кв.м № 007382 жер участогу;
- Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кудук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине аянты 309,03 кв.м имарат идентификациялык коду 4-05-10-1001-0352, аянты 9400 кв.м жанаша жайгашкан № 014301 жер участогу менен;
- Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине аянты 102,86 кв.м имарат идентификациялык коду 4-05-08-1004-0180, аянты 200 кв.м жанаша жайгашкан № 006668 жер участогу менен;
- Талас облусунун Талас районунун Бердике баатыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине идентификациялык коду 6-04-08-1001-0502, аянты 5950 кв.м № 001443 жер участогу.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы жогоруда аталган айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары менен биргеликте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүп берүүнү жүргүзсүн.
3. Белгиленген айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди сактоону жана максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылуу.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |