Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIX сессиясы

 

2024-жыл 19- февраль №4

 

“Ижарага жер берүү жөнүндө”

 

Ленин айылынын тургуну Адишов Жаркынбайдын Ленин айылынын А.Нураков көчөсүндөгү Вольчий яма кафесинин жанындагы 0,2 сотих жер аянтына балмуздак сатуучу жай ачуу үчүн жазган арызын жалпы жер маселеси боюнчча түзүлгөн комиссия курамынын отурумунда карап чыгып, комиссиянын берген сунушунун негизинде токтом кылат:

 

1.     Ленин айылындагы А.Нураков көчөсүндө жайгашкан Вольчий яма кафесинин жанындагы 0,2 сотих жер аятына балмуздак сатуучу жай ачуу үчүн Ленин айылынын тургуну Адишов Жаркынбайга ижарага берүүгө уруксат берилсин.

 

2.     Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.

 

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн .

 

4.     Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Төрага:

 

Н.Калмуратов