ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIX сессиясы
2024-жыл 19- февраль №6
“Муниципиалдык менчикте турган имаратты ижарага берүү жөнүндө
Ленин айылынын тургуну Бердикожоева Айтбүнүн Ленин айылындагы милициякананын имараты бош тургандыгына байланыштуу тигүүчү цех ишканасын ачуу үчүн ижарага алууга жазган арызын жалпы жер маселеси боюнчча түзүлгөн комиссия курамынын отурумунда карап чыгып, комиссиянын берген сунушунун негизинде токтом кылат:
1. Ленин айылындагы Дружба көчөсүндө жайгашкан муниципиалдык менчикте турган милициякананын имараты бош тургандыгына байланыштуу, тигүүчү цех ишканасын ачуу үчүн Бердикожоева Айтбүгө ижарага берүүгө мыйзам чегинде карап чыгып уруксат берилсин.
2. Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн .
4. Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
Н.Калмуратов |