ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIX сессиясы
2024-жыл 19- февраль №7
“Турак жай салуу үчүн сатып алган жер участкасына документ жасоого уруксат берүү жөнүндө
Жыгач-Коргон айылынын тургуну Исмаилова Суюмбу турак жай салуу үчүн сатып алган жер участкасы “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесиин Сузак филиалынын каттоосунда ээси жок болуп каталып калгандыгына байланыштуу тиешелүү документтин жасатуу үчүн жазган арызын жалпы жер маселеси боюнчча түзүлгөн комиссия курамынын отурумунда каралып чыгып, берилген сунуштун негизинде токтом кылат:
- Жыгач-Коргон айылынын К.Ханназаров көчөсүнүн № 50-үйүнүн тургуну Исмаилова Суюмбу Жыгач-Коргон айылынын Б.Нарматов көчөсүнүн № 27-турак жай салуу үчүн бөлүнгөн жер участка дареги боюнча сатып алган 1463,28 м2 жер аянтына тиешелуу документтин жасатуу үчүн уруксат берилсин.
- Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн .
- Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
Н.Калмуратов |