Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 26-декабрындагы №28-23/13
“Каракол шаарынын аймагында ʏй-бʏлѳлʏк салтанаттарды жана таажияларды ѳткѳрʏʏ тартиби жѳнʏндѳгʏ” Жобону бекитʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэри Э.Дж.Джумаевдин, 2022-жылдын 01-июнундагы, чыг.№ 01-16-1442 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXIII сессиясы,
токтом кылат:
1. “Каракол шаарынын аймагында ʏй-бʏлѳлʏк салтанаттарды жана таажияларды ѳткѳрʏʏ тартиби жѳнʏндѳгʏ” Жобо бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрагасы |
| Т.Ж.Акимканов |