Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жыл 26-декабрь №28-23/3
Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкаруу жѳнʏндѳгʏ типтʏʏ Жобосуна ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ жана толуктоолорду киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси, Р.Ж.Сагымбаевдин, Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкаруу жѳнʏндѳгʏ типтʏʏ Жобосуна ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ жана толуктоолорду киргизʏʏ жѳнʏндѳгʏ, 2022-жылдын 27-октябрындагы, чыг:№01-16-3416 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаардык Кенешинин, 2015-жылдын 20-октябрындагы, №26-36/4 токтомунун 1 бапынын 4 пунктунда кызматтардын категориялары, «М-Б» ден «М-А» га которулсун, «кызматтардын категориялары»-деген сѳздѳрдѳн кийин, «7 кенже адис М-Б категориясына барабар болот»-деген сѳздѳр кошулсун. «Бухгалтер»-деген сѳз, «Башкы бухгалтер»-деген сѳздѳр менен алмаштырылсын. Калганы текст боюнча.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрагасы |
| Т.Ж.Акимканов |