Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 26-декабрындагы №28-23/5
Каракол шаарынын, 2021-жылдын 28-декабрындагы, №28-10/8 токтому менен бекитилген “Каракол шаарынын 2022-2025жылдарга ѳнʏгʏʏ программасына ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳгʏ
Каракол шаарынын мэри Э.Дж.Джумаевдин, 2022-жылдын 21-декабрындагы, чыг.№01-16-4104 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеӊешинин XXVIII чакырылышынын XXIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын 2022-2025-жылдарга ѳнʏгʏʏ программасынын 3 пунктунун 3.11 подпунктуна “Каракол шаарынын муниципалдык мʏлкʏн дем берʏʏчʏ гранттардын эсебинен реабилитациялоо”-деген сѳздѳрдѳн кийин, “саны 8 долбоор болгон жаңы обьекттердин тизмеги”-деген сѳздѳр кошулсун.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр-жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрагасы |
| Т.Ж.Акимканов |