Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 185-т тескемесине ылайык) |
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.Атамбаев, Т.Масабиров, Д.Бекешев жана М.Маматалиев тарабынан демилгеленген "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Көрсөтүлгөн мыйзамдын долбоору майыптардын ичинен кесипкей спортчуларды колдоого, майыптарды массалык спортко тартууга жана алардын ден соолугун чыңдоого багытталган.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 19 жана 35-статьяларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Негиздеме-маалымкатта чагылдырылган маалыматка ылайык республикалык маанидеги шаарларда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн спорт залдарын курууга республикалык бюджеттен болжолдуу 80 миллион сом бөлүү зарыл. Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында кумар оюн жайларынын ишин уюштуруудан республикалык бюджетке келип түшкөн каражаттардын эсебинен чыгымдарды жабууга боло тургандыгы белгиленген.
Ошону менен бирге долбоорго тиешелүү финансылык-экономикалык эсептөөлөр тиркелген эмес.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен финансылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча финансылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого жаткандыгын белгилейбиз.
Мындан тышкары, спорт маселелерин тескеген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сунушталган талаптардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ресурстарга ээ эмес экендигин белгилей кетүү зарыл.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде "спаринг-өнөктөштөр", "жетектөөчү-спортчулар", "спортчу-лидерлер", "гайддар" деген терминдер каралган.
Мында "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясында көрсөтүлгөн терминдерге карата аныктама камтылган эмес.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылардын текстинде колдонулган терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир маанилүү болушу керек. Ченемдик укуктук актыда колдонулуучу терминдерди жана түшүнүктөрдү тактоо зарыл болгондо актыда алардын маанисине түшүндүрмө берүүчү берене (пункт) жайгаштырылат.
Ушуга байланыштуу "спаринг-өнөктөштөр", "жетектөөчү-спортчулар", "спортчу-лидерлер", "гайддар" деген аныктамалардын маанисине түшүндүрмө берүүчү беренени (пунктту) киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу белгиленет.
Ошол эле учурда "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына ылайык спортсмендер деп спорттун өзү тандап алган түрү менен үзгүлтүксүз машыккан жана белгиленген эрежелерге ылайык спорттук мелдештерге катышкан, бирдиктүү спорттук классификацияга ылайык спорттук разряды же спорттук наамы бар адамдар түшүнүлөт.
Ошону менен бирге, жогоруда аталган Мыйзамдын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын спортсмендерине стипендияларды төлөө тартибин аныктагандыгын көңүлгө алып, стипендияларды төлөө маселесин ийкемдүү жөнгө салуу максатында "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясынын 6-статьясынын жетинчи абзацындагы спортчулардын категорияларын деталдаштырууну максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Жогоруда жазылгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Мыйзамдын долбоорун сунушталган редакцияда кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.